Кыргызча христиан ыры - 2020 "Кел кел" тексти менен.3gp / Kyrgyz Christian Song - 2020 "Come Come" with lyrics.3gp

2:31
 
Поширити
 

Manage episode 337911726 series 3383903
Зроблено Kyrgyzstan Words of Life і знайдено завдяки Player FM та нашій спільноті. Авторські права належать видавцю, а не Player FM, і аудіоматеріали транслюються безпосередньо з сервера видавця. Натисніть на кнопку Підписатися, щоб слідкувати за оновленнями в Player FM або скопіюйте і вставте посилання на канал до іншої програми для подкастів.
Qirg'izcha Xristian Qo'shig'i - 2020 "Kel kel" so'zlari bilan.3gp / Кыргызская христианская песня - 2020 "Приходи, приди" со словами.3gp // 1 КОРУНТТУКТАР 13 - Сүйүү1. Адамдык тилде сүйлөп, ал гана эмес, Периштелер тилинде сүйлөп жатып, Ал эми башкаларды сүйө албасам, Каңгыраган жездин же даңгыраган Темирдин доошунан эмнем артык?2. Пайгамбар касиетин Кудай берип, Түшүнүп турсам дагы бүт сырларды, Билимдин чокусуна жетип барып, Тоолорду козгой алган ишенимге Ээ болуп, ошондо да сүйө албасам, Анда мен эч нерсеге татыбаймын.3. Таратып колумдагы мал-мүлкүмдү Жардыларга, денемди азаптарга, Бүтүндөй өрттөлүүгө берип салып Дагеле башкаларды сүйө албасам, Анымдан түк пайда да болбойт мага.4. Сүйүүнүн чыдамы мол, кайрымы зор, Кызганбайт, мактанбайт ал, бой көтөрбөйт.5. Адепсиздик кылбайт сүйүү, керт башынын Пайдасын көздөбөйт да ачуусунаАлдырбайт, башкаларга кек сактабайт.6. Сүйүүнү кубандырбайт адилетсиздик, Акыйкат өкүм сүрсө сүйүнөт ал.7. Баарына болот сүйүү көтөрүмдүү, Эч жазбайт ишенимден, колун үзбөйт Үмүттөн, бардыгына чыдап келет.8. Пайгамбарлык сөз айтуу токтойт бир күн, Сүйлөнбөй кала берет бөтөн тилдер, Жоюлат билим дагы. Бирок сүйүү Жок болбой, түбөлүккө өмүр сүрөт.9. Азыртан биле албайбыз бардыгын биз, Чектелген пайгамбарлык касиет да.10. Ал эми жеткилеңдик келген кезде Чектелүү бүт нерселер артта калат.11. Кичинемде балача сүйлөп мен да, Балача баамдап баарын, ой жүгүрткөм. Ал эми эр жеткенде таштап салдым Мурдагы жаш балалык адатымды.12. Азыртан көргөнүбүз – элес-булас, Күзгүнүн күңүрт тарткан айнегине Чагылышкан. Ал эми келечекте Бардыгын биз бетме-бет көрө алабыз. Чектелген ушул чакта билгендерим, Ал эми келечекте билип калам, Кудай мени дайыма тааныгандай, Мен дагы бүт бардыгын толугунан.13. Ошентип, үч нерсе бар ушул тапта: Ишеним, үмүт, сүйүү. Бул үчөөнөн Баарынан улуусу бар. Ошол – сүйүү.

138 епізодів