Кыргыз тили - "Аты жок".mp3 / Kyrgyz Language - "Untitled".mp3

3:36
 
Поширити
 

Manage episode 337911730 series 3383903
Зроблено Kyrgyzstan Words of Life і знайдено завдяки Player FM та нашій спільноті. Авторські права належать видавцю, а не Player FM, і аудіоматеріали транслюються безпосередньо з сервера видавця. Натисніть на кнопку Підписатися, щоб слідкувати за оновленнями в Player FM або скопіюйте і вставте посилання на канал до іншої програми для подкастів.
Qirg'iz Tili - "Nomsiz".mp3 / Кыргызский язык - "Без названия".mp3 // ЖАКАН 1 - Ыйса – Кудайдын адамга айланган Сөзү1Адегенде Сөз болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз Кудай болгон. 2Сөз башынан эле Кудай менен болгон. 3Кудай баарын Сөз аркылуу жараткан жана жаратылган нерсенин бири да Ансыз пайда болгон эмес. 4Сөз өмүрдүн башаты болгон. Ошол өмүр адамзатка жарыгын төктү. 5Жарык караңгыда жаркырады, караңгы болсо жарыкты жеңе албады. 6Кудай жиберген Жакыя аттуу бир адам болгон. 7Ал Жарыкка күбө болуп, бардык адамдарды Ошого ишендирүү үчүн келген. 8Жакыя өзү Жарык болгон эмес, ал Жарык тууралуу кабарлоо үчүн гана келген болчу. 9Ар адамга жарыгын төкчү чыныгы Жарык бул дүйнөгө келе жатты. 10Ал Өзү бул дүйнөдө бар эле, дүйнөнү Ошол жараткан болчу, бирок дүйнөдөгүлөр Аны тааныбады. 11Өзү тандаган элге келди, бирок алар кабыл алышпады. 12Ал эми кабыл алып, Ага ишенгендердин баарына Кудайдын балдары болуу укугун берди. 13Алар табигый жол менен же пенденин каалоосу менен эмес, Кудай аларга чыныгы өмүр бергендиктен гана Анын балдары боло алышты. Алар түп аталары ким болгонунан же адамдардын каалоосунан эмес, Кудай Өзү аларды балдары кылган. 14Сөз адам болуп, арабызда өмүр сүрдү. Ошондо биз Кудай Атанын жалгыз Уулунун чексиз улуулугун көрдүк. Кудайдын болгон ырайымы менен акыйкаты Анда эле. 15Жакыя Ал жөнүндө мындай деп жар салды: «“Аркамдан келе жаткан менден улуу, анткени ал мен төрөлө электе эле бар болгон” деген кишим ушул». 16Анын чексиз ырайымынан баарыбыз батанын үстүнөн батага ээ болуп келе жатабыз. 17Муса пайгамбар аркылуу мыйзам берилсе, Ыйса Машаяк аркылуу ырайым менен акыйкат берилди. 18Кудайды эч ким, эч качан көргөн эмес, Аны бизге Атасына эң жакын болгон жалгыз Уулу таанытты.

138 епізодів